Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/12 18:44
 

Ошто “Достук кубогунун” жана түрк тили боюнча дүйнөлүк фестивалдын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто “Достук кубогунун” жана түрк тили боюнча дүйнөлүк фестивалдын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкек, 17-декабрь /Кабар/. 17-декабрь күнү “Достук кубогунун” жана Түрк тили боюнча дүйнөлүк фестивалдын жеңүүчүлөрүн, алардын мугалимдерин жана ата-энелерин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Калаа башчысы өтүп бара жаткан жыл Ош шаарында жемиштүү жыл болгондугун айтып, анын катарында спорт жаатында ийгиликтер көп экенин белгиледи. “Быйыл шаарыбыздын “Алай” футболдук командасы мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду. Ага удаалаш Тараз шаарында биздин жаш футболчуларыбыз да “Достук Кубогун” жеңип келишти. Жакында бүткүл дүйнөлүк футбол федерациясынын көмөгү менен шаарыбызда Футбол Академиясы курулуп башталды. Ошондой эле шаарыбыздын мектеп окуучулары өздөрүнүн билими менен да эл аралык деңгээлге чыгышкандыгы бизди кубандырбай койбойт. Силердин эмгегиңерди, аракетиңерди мэрия, шаардыктар жогору баалайт жана ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр”,-деди А.Кадырбаев.

Жолугушууда калаа башчысы Казакстан Республикасынын Тараз шаарында 2015-жылдын ноябрь айында өспүрүмдөр арасында өткөн футбол боюнча “Достук Кубогунда” Ош шаарынын командасы 1-орунду алып келишкендиги үчүн 23 миң сом акча каражатын жана оюнчуларга Ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле, Түрк тили сабагы боюнча17 мамлекеттин ортосунда өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиадада алтын медалга ээ болгон 10-класстын окуучусу Тойчуева Сайкал жана күмүш медалды багындырган Алимбек кызы Нурсаулеге , “Себат” лицейинин түрк тили сабагынын мугалимдерине дүйнөлүк олимпиадага окуучуларды мыкты даярдаганы үчүн Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды.
 

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу