Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/12 14:29
 

Бишкекте өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 19-20-декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайында Митал Шариповдун жаркын элесине арналган өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча экинчи эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
АРАБӨСМдун (СДЮСШОР) директору Улан Молдодосовдун айтымында, эмгек сиңирген спорт чебери, Азия – 2000дин чемпиону, 1994-жылы Хиросимада (Жапония) өткөн Азия оюндарынын коло медалынын ээси Митал Шариповдун жаркын элесине арналган мелдеш быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатат, биринчи республикалык мелдеш Талас облусунун Көк-Сай айылында өткөн.

Эл аралык мелдешке Кыргызстан жана Казакстандын спортчуларынан куралган 2 команда ат салышат, жалпысынан 100 дөн ашык спортчу катышат.
Мелдеш оор атлетиканы жайылтуу, атлеттердин чеберчилигин көтөрүү жана Бишкектин курама тобун түзүү максатында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлөт.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу