Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
03/12 16:44
 

Кыргызстандын курама тобу ФИФАнын рейтингинде тарыхый жетишкендиктерге жетти

Кыргызстандын курама тобу ФИФАнын рейтингинде тарыхый жетишкендиктерге жетти

Бишкек, 3-декабрь /Аман Алымбеков-Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама тобу Бүткүл дүйнөлүк футбол ассоциациясынын рейтингинде тарыхый жетишкендикти жаңылатты. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңыртылган рейтингде башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигинин астында Кыргызстандын курама тобу 16 пунктка көтөрүлүп, азыр 108-орунду ээлеп турат. Кураманын активинде 277 упай. Бул ФИФАнын рейтингинде улуттук кураманын бүтүндөй тарыхындагы эң мыкты жетишкендик. Буга чейин эң жакшы көрсөткүч 119 орун болчу (2006-жыл, августь).

“2018-жылы өтүүчү Дүйнөлүк биринчиликке тандоо тобу боюнча биздин атаандаштар Австралия 57, Иордания курама тобу Бишкектеги биздин курамдан жеңилгенден кийин 87-орунду, Тажикстан 148-орунду, Бангладеш 182-орунду ээледи”,-деп белгиледи Футбол федерациясы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу