Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/11 12:45
 

Жалал-Абаддагы Курманбек стадионунда спорттук мелдештер көбүрөөк өткөрүлө баштады

Бишкек, 30-ноябрь /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда түштүк аймагы боюнча жеңил атлетика боюнча алгачкы мелдештер уюштурулуп жатат. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Адыл Бакиров билдиргендигин мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, бул эл аралык стандартка жооп берген “Курманбек” стадионунда мелдештерди уюштуруу аркылуу спортчуларга жаңырган стадионду тааныштыруу, жеңил атлетиканы жайылтуу, жаштарды спорттун бул түрүнө үгүттөө жагы эске алынган.

Мелдештер жеңил атлетика боюнча машыктыруучулар тарабынан уюштурулуп, түштүк аймагы боюнча жалпы он команда катышты. Бул оюндарда атлеттер 100, 400, 800 жана 1500 метр аралыкка чуркашып, жеңүүчүлөргө медаль жана Ардак грамоталар тапшырылды.

-Биздин стадиондо эми республикалык чемпионаттарды өткөрсөк болот. Башка областтарга, шаарларга караганда Жалал-Абад шаарында спорттук оюндар көбүрөөк өткөрүлөт. Эмки 2016-жылга спорттук календардык планга киргизгенден кийин бул жерде республикалык спорттук мелдештер көбүрөөк өткөрүлөт, - дейт А.Бакиров.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу