Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/11 17:09
 

Түркияда студенттердин арасында футбол боюнча Анкара достук лигасы башталды

Түркияда студенттердин арасында футбол боюнча Анкара достук лигасы башталды

Анкара, 24-ноябрь /Шаххан Мырзабеков Кабар/. Студенттердин арасында футбол боюнча Анкара достук лигасы деген ат менен футболдук мелдештин биринчи сезону башталды.
“Бул оюн кыргыз студенттеринин башын бириктирген студенттик кеңеш тарабынан уюштурулууда. Бул футболдук мелдешке жалпы сегиз команда катышып жатат. Оюнга ар бир командадан 12ден оюнчу катышууда. Ал эми оюндун негизги максатты бул жердеги студенттердин башын бириктирүү болуп саналат. Башкача айтканда, бири-бирин жакындан таанып, бири-бири менен байланышта болушуна шарт түзүп берүү максатында 8 команданын ортосунда футболдук мелдеш уюштуруп жатабыз”,-деди Анкарадагы Хажеттепе университетинин табигый илимдер институтунун экология жана инженерия бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү жана студенттик кеңештин президенти Адилет Абишов.
Ошондой эле Анкара достук лигасы деген ат менен футбол боюнча уюштурулуп жаткан беттештик оюндун биринчи сезону 22-ноябрдан 10-январга чейин созулат. Ал эми экинчи сезон 6-марттан 24-апрелге чейин болмокчу. Ошондой эле финалдык беттеште жеңишке жеткен команда Түркиянын башка шаарларынан жеңишке жеткен командалар менен 2016-жылдын май айынын ортосунда Анкарада оюн өткөзүлмөкчү,-деп кошумчалады ал.
 

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу