Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/11 16:48
 

АФКнын президенти: “Кыргызстан футболду өнүктүрүүдө кыйла ийгиликке жетишти”

Бишкек, 23-ноябрь /Аман Алымбеков-Кабар/. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа Бишкекте футболдук кичи аянттын салтанаттуу ачылышында билдирди.
“Мен Семетей Султанов башында турган Футбол федерациясынын жакшы жыйынтыктарга жетип жатканын көрүп абдан кубанып жатам”,-деди ал.
Анын айтымында, кыргыз футболунун бүгүнкү күндөгү ийгиликтери Кыргызстан менен коңшу башка өлкөлөр үчүн үлгү боло алат. “Эки жыл мурда кыргыз футбол федерациясынын жетекчиси менен жолукканда, алар Кыргызстанда футболду өнүктүрүү каалоосун айтышкан. Ошондо эле мен алардын алдыга койгон милдеттерге жетеринен шектенген эмесмин. Бүгүн Кыргызстандын 2018-жылы өтүүчү дүйнө биринчилигинин тандоо турунда көрсөтүп жаткан оюндарын көрүп абдан кубанып жатам. Мен өзүмдүн атыман футболдогу жетишкендиктери үчүн кыргыз элин куттуктайм”,-деди ал.
Ошондой эле АФКнын президенти Кыргызстандын футбол федерациясы – жаш жана тез өнүгүп жаткан федерациялардын бири деп белгиледи. Биздин негизги милдетибиз – бул Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө футболду өнүктүрүү жана ал үчүн шарттарды түзүп берүү”-деп сөзүн жыйынтыктады АФКнын президенти.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу