Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/11 16:18
 

Бишкекте кичи-футбол аянты ачылды

Бишкекте кичи-футбол аянты  ачылды

Бишкек, 23-ноябрь /Аман Алымбеков-Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын футбол федерациясынын башчысы Семетей Султанов жана Азия футбол конфедерациясынын башчысы Шейх Салмана Дин Ибрагим Аль Халифтин катышуусунда АФКнын Азия өлкөлөрүндө футболду өнүктүрүү программасы боюнча салынган кичи футбол аянтынын салтанаттуу ачылышы болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө С.Султанов иш сапары менен Кыргызстанга келген жана кыргыз футболун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн АФКнын президентине ыраазычылык билдирди.
КРФФнын башчысынын айтымында акыркы убактарда көп иштер жасалды, анын жыйынтыгын азыр көрүүгө болот. Муну менен катар КРнын курама тобунун 2018-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатынын тандоо раундуна жана Азия биринчилиги-2016 катышуусун айтууга болот.
“Балдар-өспүрүмдөр футболуна өзгөчө көңүл бурулууда. Алар биздин келечегибиз жана келечекте биздин өлкөнүн намысын коргоочулар. АФК биздин демилгени колдоого алганы абдан кубанычтуу болду. Кичи футбол аянттары КРда футболду өнүктүрүүгө жол ачат”-деди С.Султанов.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу