Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/11 15:38
 

Бишкекте өспүрүмдөр арасында футболдук мелдеш өттү

Бишкек, 23-ноябрь /Кабар/. Бишкекте “Алга” футбол клубунун ардагери Нурлан Ниязалиевдин эстелигине арналган футбол боюнча балдар мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мелдеш 18-21-ноябрда “Дордой” спорттук комплексинин базасында өттү. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду “Дордой 2004” клубу, 2-орунду Улуттук футбол борбору”, 3-орунду “Дордой 2005” футболдук клубу алды.
Оюндун соңунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп, футбол ардагерлери жеңишке жеткен үч топко кубок жана медалдарды тапшырышты.
Мелдеш ден соолукту чыңдоо, өспүрүмдөрдүн дене-тарбиялык даярдыгын жакшыртуу жана футбол ардагери Нурлан Ниязалиевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулду.
Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт боюнча комитети уюштурду.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу