Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/11 10:51
 

Кулатуу–эр таймаш боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары беттешет

Бишкек, 20-ноябрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. Эртең, 21-ноябрда саат 18:00дө Бишкектеги “Стронг” фитнес жана бокс борборунда спорттун кулатуу – эр таймаш түрү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары беттешет. Аталган спорттун иш чара жаштардын манзатка азгырылуусунун алдын алуу жана каршы күрөшүү максатында өткөрүлүп жаткандыгын КРнын Өкмөтүнө караштуу маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Рафик Мамбеталиев бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.
“Биз жаштардын маңзатка берилүүсүнүн алдын алуу максатында ар кандай спорттук жана түшүндүрүү иштерин да жүргүзүүдөбүз. Бул багытта эртең Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын кулатуу – эр таймаш боюнча курама командалары беттешмекчи”,- деди ал.
Ал эми КРнын кулатуу – эр таймаш боюнча федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышовдун айтуусунда, жалпысынан 11 салмак боюнча эки өлкөдөн 17ден 34 спортчу мелдешет. “КРнын Өкмөтүнө караштуу маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин колдоосунда өтө турган мелдештин жеңүүчүлөрү тууралуу маалымат “Шырдок” турниринин рейтингине жөнөтүлүп, ага ылайык өлкөнүн жана жеке спортчунун деңгээли аныкталат”,- деди ал.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу