Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/11 15:04
 

Мароккодогу мелдеште Оштун спортчулары күмүш, коло медалдарды жеңип алышты

Мароккодогу мелдеште Оштун спортчулары күмүш, коло медалдарды жеңип алышты

Бишкек, 19-ноябрь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрь күнү Марокконун Касабланка шаарында Самбо боюнча өткөрүлгөн дүйнөлүк мелдешке Ош шаарынан барган спортчулар жеңиш менен кайтып келишти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Спортчуларды Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов баш болгон мэриянын өкүлдөрү, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев жана спорт күйөрмандары Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышып, жеңиштери менен куттукташты.
“Ар бир ийгиликке жетишкен спортчулар өлкөбүздүн спорт тармагындагы аброюн жогорку деңгээлге жеткиришет. Ошондой эле алардын жеңиштери жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусун арттырып жаш өспүрүмдөргө эң жакшы үлгү болот”,-деди И.Эргешов.
Дүйнөлүк мелдеш 18 жаштан жогорку курактагылар арасында 12-ноябрдан 15-ноябрга чейин Касабланка шаарында өтүп, ага Ош шаарынан 5 спортчу барган. Алардын ичинен Самат Жаныбек уулу 80 кг салмак боюнча 2-орунду ээлеп, күмүш медаль алса, ал эми Орозбек Автандил уулу 62 кг боюнча 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.
 

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу