Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/11 18:35
 

Ош шаарында Борбор Азияда жок футбол Академиясынын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында Борбор Азияда жок футбол Академиясынын курулушу жүрүүдө

Бишкек, 18-ноябрь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
“Футбол Академиясында 2 чоң 2 кичи футбол аянтчалары, медициналык комплекс, бардык шарттары менен жатакана, машыктыруу мектеби, унаа токтомолор жана башка тиешелүү объектилер курулат. Бул жерге окуучулар жаш кезинен кабыл алынат, 60 бала жашап,1000ден ашуун балдар,кыздар сырттан келип футбол менен машыгышат жана тажрыйбалуу дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучулар окутушат. Мындай Футбол Академия Орто Азия боюнча жок. Ошондуктан Ош шаарына курулуп жатканына биз аябай кубанычтабыз. Бардык курулуш тетиктери, жабдуулары Италиядан алынып келинет. Учурда 20 тонна курулуш тетиктери алынып келинди”,-деп айтты эл аралык калыс Бахадыр Кочкаров.
“Учурда Академиянын долбоорлоо сметалык документациялары жана курулуш иштерине тендер өткөрүлүп бүткөн. Курулуучу 4,0 га жер аянты Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилсе, каржылоо UEFА тарабынан 1 млн.АКШ доллары бөлүнгөн. Курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилсе, 60 бала Академияда жашап, окуп, професионалдык футбол менен машыгышат жана бүт шарттар түзүлөт. Келечекте бул жерден дүйнөнү багындырган мыкты футболисттер тарбияланып чыгат деп ишенем. Учурда жер түзөө жумуштарын мэрия бүтүрүп берди. Жакынкы айда курулушка капсула салынып, 2016-жылдын күз айларына бүткөрүлөт”,-деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу