Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/11 11:50
 

Ак-Суу районундагы Чолпон айылында айылдык жаштар волейбол боюнча өз ара мелдеш уюштурушту

Каракол,18-ноябрь. /Кубан Мамбетов-Кабар/. Айыл тургуну Тилек Сыдыкбаевдин айтымында азырынча Чолпондук спортсмендер ири жеңиштерге жетише элек. Бир гана спортчу бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган. Бирок, бул салтка айланган мелдеш ар айда өткөрүлүп, ал көчө-көчө аралык өткөндүгү менен айырмаланып келатат. Демек, бул чакан айылда 6 гана көчө бар.
Оюнду өткөрүү боюнча демөөрчүлүктү айыл жаштары өздөрү жасашат. Ортого чогултулган каражатка 1 кой сатып алышып, аны жана акчалай сыйлыктарын жеңген командага беришет. Мунун өзү эле айтып тургандай атандашуу бар. Ошондуктан өнөк алдырбоо үчүн таймаш ар ирет курч мүнөздө өтүп келе жатат.
Волейболчулардын астынын жашы 50дөн өткөн. Калгандары жаш балдар. Келечекте алардын ичинен дагы өлкө кызыкчылыгын коргогон улан-кыздар чыгат деген ой ар бир айыл жаштарынын сезиминен орун алган.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу