Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/11 11:07
 

Башкы машыктыруучу А.Крестинин: “Биз мыкты оюн көрсөтө алдык”

Башкы   машыктыруучу А.Крестинин: “Биз мыкты оюн көрсөтө алдык”

Бишкек, 18-ноябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Бул оюн жетиштүү деңгээлде эле болду. Биз жакшы даярданып, мыкты оюн көрсөтө алдык. Жалпыбызга белгилүү болгондой Иордания тажрыйбалуу атаандаш. Алар биринчи орунда болчу. Андыктан аларды теңибизге албай койсок болбойт болчу. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Александр Крестинин беттеш аяктагандан кийин журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди.
“Ал эми жарым коргоочу Антон Землянухиндин киргизген тобу бул шедевр. Бул жеңиштен кийин теориялык жактан тайпа ичинде экинчи орунга чыгууга мүмкүнчүлүк бар”,-деди ал.
А.Крестинин күйөрмандарга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирди. “Улуттук курамынын күйөрмандары эң мыктылар. Кандай гана оюн болсосун ар тараптан колдоп турушту. Биз күйөрмандардын колдоосуна муктажбыз”,-деп кошумчалады.
Ал эми, өкмөт башчы Т.Сариев дагы футболчуларды жеңиши менен куттуктап, аларга ийгилик каалап 200 миң сом тапшырды.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда Кыргызстан менен Иорданиянын курама командалары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешип, оюн 1:0 эсебинде аяктады.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу