Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/11 10:44
 

Премьер-министр Темир Сариев :“Биздин футболчулар мыкты оюн көрсөттү”

Премьер-министр Темир Сариев :“Биздин футболчулар мыкты оюн көрсөттү”

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. 17-ноябрда, Премьер-министр Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана Өкмөт аппаратынын кызматкерлери 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу этабынын алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Иорданиянын футбол боюнча курама командасынын оюнун көрүп, улуттук курамага күйөрмандык кылды.
Өкмөт башчысы оюндан соң футболчуларды жеңиши менен куттуктап, мыкты оюн көрсөткөнү белгиледи.
“Бүгүн силер мыкты жана кызыктуу оюн көрсөттүңөр. Оюнду баарыбыз толкундануу жана сыймыктануу менен көрдүк. Жеңиш менен куттуктайм.”-деди Премьер-министр.
Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстандын курама командасын бүгүнкү жеңиши менен куттуктап, 200 миң cом тапшырды.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Премьер-министр баштаган бардык күйөрмандарга ыраазылыгын билдиришти
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу