Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/11 18:13
 

Ош шаарында ФИФАнын футбол академиясынын курулушу башталды

Ош, 17-ноябрь Ерлан Тургунбаев-Кабар/. Ош шаарында эл аралык футбол федерациясы ФИФА тарабынан каржыланган футбол академиясынын курулушу башталды. Бул тууралуу эл аралык деңгээлдеги калыс, ФИФАнын рефери Бахадыр Кочкаров билдирди.
Анын айтымында, футболдук академиянын курулушу үчүн Ош шаардык мэриясы тарабынан 5 га жер берилип, Европадан 20 тонна итальялык жабдыктар алынып келинди. Аталган футболдук академия өзгөчөлүктөрү боюнча Орто Азиядагы жалгыз академия болуп саналат, анда футбол боюнча эркек жана аялдардын тобу ачылат. Жаш таланттуу футболчуларды жергиликтүү жана чет элдик машыктыруучулар машыктырышат.
“Аталган академиянын тарбиялануучулары Европа өлкөлөрүндөгүдөй жаштайынан профессионалдуу футболчу, машыктыруучу жана калыстардан сабак алышып, машыгуудан өтүшөт. Мындан тышкары, эгер тарбиялануучу жалпы билим берүү сабактарынан жаман баага окуса, анда футбол академиясынан чыгарылат”,-деп кошумчалады ал.
Тендердин жыйынтыгы боюнча объекти Италиялык курулуш компаниясы курмакчы болду.Административдик-мейманкана, медицина борборун, бассейн, 2 чоң жана 2 кичи футбол талаасын куруу пландалууда.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу