Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/11 17:54
 

Футбол: Бүгүн Кыргызстан — Иордания беттешүүсү болот

Футбол: Бүгүн Кыргызстан — Иордания беттешүүсү болот

Бишкек, 17-ноябрь/Минара Ибраева-Кабар/. Кыргызстандын курама командасынын футболчулары бүгүн оюн талаасына ак кийимчен чыгат. Ал эми атаандаштар кызыл форма кийип чыгат. Кыргызстандын дарбазачысынын кийими сары түстө болсо, Иорданиялык дарбаза сакчысы күңүрт боз формачан болот. Бул тууралу Футбол федерациясынан билдиришти.
“Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон саат 20да башталат. Кыргызстан — Иордания беттешүүсүнө жок эле дегенде 8 миң күйөрман келери күтүлүүдө“,-деп жазылат маалыматта. Бүгүнкү боло турган Кыргызстан — Иордания беттешүүсүнө өкмөт башчы Темир Сариев баштаган министрлер кабинети келээри күтүлүүдө. Премьер-министр өкмөт мүчөлөрү менен оюнчуларды VIP-трибунадан колдоп турмакчы.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу