Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/11 14:30
 

Футбол ардагери М.Кошалиев: “Кыргыз футболунун мүмкүнчлүлүгү чоң”

Бишкек, 16-ноябрь /Аман Алымбеков-Кабар/. Кыргыз футболунун мүмкүнчүлүгү чоң. Бул тууралуу 1976-1981-жылдарда “Алга” футбол клубунун легендарлуу оюнчусу, СССР спортунун чебери, футбол боюнча СДЮШОРдун директору Меклис Кошалиев азыркы кыргыз футболунун абалы жана аны өнүктүрүү тууралуу айтып жатып билдирди.
“Кыргыз футболу дүйнө биринчилигинин чемпиондук жолуна бара жатат. 3-4 жыл мурда биздин курама топ качан дүйнө чемпиону болот деген суроого эч ким жооп бере алчу эмес. Бүгүнкү күндө ал жөнүндө айтылып жатат. Биздин оюнчулар көрсөтүп жаткан оюндар өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү дүйнөлүк деңгээлге көтөрө аларыбызга үмүт берип жатат. Мисалы, Австралия менен акыркы оюнда бизге оюндук тажрыйба гана жетишпей жатты. Бул боюнча алардын тажрыйбасы мол, алардын оюнчуларынын көпчүлүгү Европада ойношот. Азыркы учурда биздин негизги милдетибиз – ата мекендик футболду ушундай деңгээлге жеткирүү. Биз тажрыйба топтошубуз керек экени белгилүү болду, бирок тажрыйба ушундай оюндардан пайда болот”,-деди ал.
Ошондой эле, ветерандын пикири боюнча улуттук кураманын абалы көпчүлүк учурда ички чемпионаттардын абалынан жана топтун сапатына көз каранды болот. “Бүгүнкү күндө жогорку лигада 6 команда ойнойт. Бирок, бул аздык кылат, клубдук чемпионатты 12 ге жеткирүү керек. Ички чемпионатты жакшыртуу менен биз жогорку сапаттуу курамага жетебиз. Жаш курама топ дагы укмуштуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Алар мелдештерге канчалык көп катышса, биздин футбол курама тобубуз ошончолук сапаттуу болот. Кыргыз футболу келечекте жаш футболчулардын кандай тажрыйба алышынан көз каранды”,-деди ардагер.
Өз кезегинде футбол ардагери кыргыз футболуна колдоо көрсөткөнү үчүн өлкөнүн жетекчилигине жана ЖМКларга ыраазычылык билдирди. “Мына жакында эле Темир Сариев Футбол федерациясына барды. Жолугушууда ал келечекте футболду өнүктүрүү үчүн эң жакшы пландарын айтты”,-деп кошумчалады М.Кошалиев.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу