Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/11 10:52
 

Александр Крестинин: "Австралия менен оюнда көп ката кетирдик, Иорданияга каршы башкача оюн көрсөтөбүз"

13-ноябрь. Футбол боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин Австралия менен болгон оюн тууралуу өз пикирин билдирди. Федерациядан кабарлашкандай, ал команданын көп ката кетиргенин белгиледи.

"Топко ээлик кылуу үчүн аны атаандаштан тартып алыш керек. Бул багытта биз ийгиликке жетише алган жокпуз. Биз көп ката кетирдик. Бишкекке келер замат биз оюнду карап чыгабыз жана каталардын үстүнөн иштейбиз. Иорданияга каршы оюнда башкача оюн көрсөтөбүз",- деди машыктыруучу.

Кошумчалай кетсек, машыктыруучу белгилегендей эле, атаандаш топко көбүрөөк ээлик кылды жана пастардын саны боюнча биздин футболчулардан кыйла алдыда болду. Топко ээлик кылуунун пайыздык көрсөткүчү 67,5 пайыз - 32,5 пайыз, ал эми пастардын саны 580 - 279 болду.

Булак: “Супер инфо”
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу