Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/11 11:27
 

“Биз өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз”-дейт футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу

“Биз өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз”-дейт футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу

Бишкек, 12-ноябрь /Кабар/. “Биз өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз”,-деди Кыргызстандын футбол боюнча командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюн алдындагы маалымат жыйында. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясы билдирди.

Бүгүн Кыргызстан менен Австралиянын улуттук командаларынын ортосунда “В” тобунун 2018-жылы өтүүчү дүйнө биринчилигинин тандоо раундунун экинчи оюну болот. Оюн Канберрде GIO STADIUM стадионунда өтөт.

“Биздин командада маанилүү жана маанилүү эмес оюнчулар жок. Ар бир оюнчунун курамада өзүнүн милдети бар. 16-июндагы оюнда биздин курама командасы австралиялыктардын фонунда ишенимдүү көрүнгөн, ал эле эмес кээ бир учурларда биз күчтүү көрүнгөнбүз. Оюн жакшы болот, биз Канберрде болсок дагы өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз. Мен оюн жакшы болот деп ишенем. Биз бул оюнда бардык аракеттерди жумшайбыз.Күйөрмандарыбыздын шаабайын суутпайбыз деп үмүттөнөм”,-деди А.Крестинин.

Эскерте кетсек, Кыргызстан курама командасы Бишкекте өткөн оюнда австралиялыктарга 1:2 эсебинде жеңилген. Учурда “В” тобунда 13 упай менен Иордания лидерлик кылууда. Андан кийин Австралия 9 упай, Кыргызстан 8 упай менен 3-орунда, андан кийин Тажикстан 2 упай, акыркы Бангладеш 1 упайга ээ.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу