Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/11 15:54
 

Ош технологиялык университетинин студенти Режеп кызы Перизат дүйнө чемпиону болду

Ош технологиялык университетинин студенти Режеп кызы Перизат дүйнө чемпиону болду

Ош, 10-ноябрь /Кабар/. Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин 4-курсунун студенти Режеп кызы Перизат Түркияда өткөрүлгөн спорттун карате-до (шатакан) түрү боюнча уюштурулган чемпионатта биринчи орунду ээлеп дүйнө чемпиону аталды.

Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. Аталган мелдеш 2015-жылдын 23-25-октябрь күндөрү Стамбул шаарында 4-дүйнөлүк чемпионатында жалпысынан 64 мамлекеттин спортчулары катышкан. Финалга Польша мамлекетинин спортчусу менен беттешип, жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болгон.

Бүгүн эртең менен Ош технологиялык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу профессор Кубанычбек Мансуров баштаган жетекчилер, декандар, окутуучулар жана студенттер окуу жайдын алдында чоң кубаныч менен тосуп алышып, дүйнө чемпиону Режеп кызы Перизатка куттуктоо сөздөрү айтылып, окууларына ийгиликтерди каалашты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу