Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
10/11 14:13
 

Футбол боюнча Кыргызстан курама тобу Канберрде Австралия курамасы менен оюндун алдындагы машыгууларын баштады

Бишкек, 10-ноябрь /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама тобу 9-ноябрда Канберрге барды, анда 2018-жылда өтүүчү дүйнөлүк биринчиликке катышуу үчүн тандоо турунда Австралия курамасына каршы ойнойт. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясы билдирди.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында улуттук курама топ алгачкы машыгууларды өткөрүүдө. Машыгуу Австралия спорттук университетинин стадионунда өтүп жатат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан курамасы Австралияга каршы оюнда 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Кыргызстандын улуттук курама тобу 2018-жылы өтүүчү дүйнөлүк биринчиликке тандоо турунун алкагында мурдагыдай эле 3-орунда келе жатат.

ФИФАнын расмий сайты билдиргендей, Кыргызстандын курама тобунда өткөрүлгөн 5 оюндан 8 упайы бар. Атап айтканда 2 жеңиш, 1 жеңилүү жана 2 тең чыгуу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу