Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/11 15:37
 

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадиону 35 млн сомго кайрадан оңдолуп, пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадиону 35 млн сомго кайрадан оңдолуп, пайдаланууга берилди

Жалал-Абад, 7-ноябрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. 6-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук “Курманбек” стадиону пайдаланууга берилди. Бул стадионду кайрадан оңдоп чыгууга жергиликтүү бюджеттен 35 млн сом акча бөлүнүп берилген. Бул тууралуу аталган стадиондун директору Бакытбек Рахман уулу билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, шаар мэри Салайдин Авазовдун демилгеси жана жергиликтүү кенештин депутаттарынын колдоосу менен эскилиги жеткен стадионду оңдоп чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттен арка каражаты бөлүнүп берилип, 4 ай аралыгында курулушчулар стадионду заманбап кылып оңдоп чыгышкан.
“Стадион эл аралык стандартка жооп берет. Эл аралык деңгээлде жеңил атлетика жана футбол боюнча мелдештерди өктөрүүгө болот. Бул стадион 3 миң орунга ылайыкташтырылып кайрадан курулду”, - дейт Бакытбек Рахман уулу.
Эскерте кетсек, аталган стадиондун курулушу 1965-жылы “Ашар” жолу менен башталып, 1967-жылы 2,5 миң орундуу болуп ишке берилген.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу