Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/11 16:59
 

Ош шаар башчысы дүйнөлүк мелдештерде жеңишке жетишкен спортчуларды куттуктады

Ош шаар башчысы  дүйнөлүк мелдештерде жеңишке жетишкен спортчуларды куттуктады

Бишкек, 6-ноябрь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев 6-ноябрда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаевди, Ирандын Тегеран шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия Кубогунда 12 мамлекеттин ичинен, 66 кг салмакта I-орунду ээлеген Имур Жунусовду, Таиланд мамлекетинин Бангког шаарында дзюдо боюнча жаш өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон Сагынбай уулу Баяманды жана Анталияда грепплинг боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медалдын ээси Багымбай уулу Төрөканды кабыл алды. Бул тууралу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Шаар мэри спортчулардын ийгиликтери Ош шаарынын ийгилиги жана сыймыгы экенин айтып, мындан ары спорт жаатында чоң жетишкендиктерди каалап өттү. Жолугушууда спортчулар дүйнөлүк мелдештерде жетишкен ийгиликтери тууралуу шаар мэри менен ой бөлүшүп, алдыда шаардын, Кыргызстандын желегин желбиретип жаңы бийиктиктерге жетүүгө аракет кылабыз, деп билдиришти. Ошондой эле калаа башчысы Имур Жунусовго 50 миң сом өлчөмдөгү акчалай сыйлыгын тапшырды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу