Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
02/11 18:30
 

15 жашар кыргыз футболчусу Сыргаболот Орозбек уулу Түркиянын клубунда ойноо үчүн жөнөп кетти

15 жашар кыргыз футболчусу Сыргаболот Орозбек уулу Түркиянын клубунда ойноо үчүн жөнөп кетти

2-ноябрь. КРнын Өспүрүмдөр курамасынын өкүлү Сыргаболот Орозбек уулу Түркиянын "Гүрпинар" футболдук клубунун академиясына кабыл алынды. Чабуулчу катары ойноп келген футболчу 31-октябрда Түркияга жөнөп кетти.
Маалым болгондой, Сыргаболот буга чейин аталган клубдун кароосунда болгон. Андан соң клуб өкүлдөрү атайын чакыруу жиберишкен. Оюнчуга 1 айдан кийин атайын лицензия ачылат.
Кошумчалай кетсек, С.Орозбек уулу 2000-жылы туулган. Ал 2013-жылга чейин "Токтогул" футболдук клубунда ойноп келсе, акыркы 2 жылда "Абдыш-Ата" клубунда ойноп келе жаткан. Ошондой эле 2015-жылы түзүлгөн өспүрүмдөр курамасына чакырылып, Бишкекте өткөн өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугунун тандоо турунда ойногон.
Булак: «Супер инфо»
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу