Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
29/10 12:47
 

Машыктыруучу: "Өспүрүм футболчуларыбыздын Азия чемпиондугуна чыкканын укканда жаш баладай кубандык"

Машыктыруучу: "Өспүрүм футболчуларыбыздын Азия чемпиондугуна чыкканын укканда жаш баладай кубандык"

29-октябрь. Бүгүн, 29-октябрда өспүрүмдөр курамасынын Азия чемпиондугуна чыкканына байланыштуу маалымат жыйыны болуп өттү. Ага КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев, өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев жана команда капитаны Азамат Мелисбеков катышты. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев бул жаңылыкка жаш баладай сүйүнгөнүн айтты.

"Биз бул жаңылыкты укканда Казакстанда мелдеште жүргөнбүз. Мага казакстындык "Тараз" футболдук клубунун машыктыруучусу Непал курамасынын мелдештен алынганын, Кыргыз футболчулары Азия чемпиондугуна чыкканын айтты. Мен бул жаңылыкты балдарга оюндан кийин айтайын дегем. Бирок, кармана алган жокмун. Чынында бул жаңылыкка команда катуу кубанды, жаш баладай кубандык десем болот"-деди С. Сүймалиев.

Кошумчалай кетсек, 16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук курамабыз 2016-жылы сентябрда жана октябрда Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна бармай болду. Мындай чечим тайпада 2-орунду ээлеп, жолдомо алган Непалдын жаш куракка байланыштуу эрежени бузганынан улам кабыл алынган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу