Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/10 09:56
 

Караколдук жеңил атлетикачы Дарья Маслова Ташкентте өткөн Өзбекстандын ачык чемпионатында Олимпиадалык лицензияны утуп алды

Каракол, 25-октябрь /Кубан Мамбетов - Кабар/. Караколдогу балдар жана өспүрүмдөрдү олимпиадалык резервге тарбиялоо мектебинен билдиришкендей 10 километрлик аралыкка чуркоодо Караколдук жердешибиз Дарья Маслова марага экинчи болуп келип, 32 мүнөт 14 секундалык көрсөткүчтү камсыздай алды. Бул көрсөткүч анын 2016-жылы Рио-де Жанейродо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга жолдомо алуусуна шарт түздү.

Дарья Маслова учурда Кыргызстандын физкультура жана спорт Академиясында билим алат. Спорттук жеңиштерге ал Караколдогу балдардын жана өспүрүмдөрдүн мектебинде тарбияланып жүргөн кезинен эле жетишип келген. Анын алгачкы машыктыруучуларынан болуп спорт чеберлери Александр Мох менен Анастасия Трофимовалар эсептелишет. Каракол-Пристанында туулуп-өсүп, спорттун бийик чокусуна чейин жеткен Дарья Маслова азыр республиканын курама командасында спорттун мастери Татьяна Борисованын жетекчилиги астында машыгууда. Дарьянын бул жолдомосу болсо Рио-де Жанейродо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга берилген үчүнчү жолдомо болуп эсептелет. Буга чейин мындай жолдомолорго алыс аралыкка жүгүргөн Юлия Андреева жана грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев ээ болушкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу