Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/10 16:42
 

Караколдук дзюдоист Отар Бестаев 2016-жылы Рио-де Жанейродо өтүүчү дүйнөлүк Олимпиадалык оюндарга лицензия алды

Каракол, 23-октябрь /Кубан Мамбетов-Кабар/. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык физкультура жана спорт комитетинин бөлүм башчысы С.Деркембаев билдирди. Анын айтымында 60 килограммдык салмактагы караколдук Отар Бестаев бул күндөрү Ташкентте өтүп жаткан Эл аралык турнирде 3-байгелүү орунду жеңип алуу менен келерки жылы Рио-де Жанейродо өтүүчү дүйнөлүк Олимпиадага жолдомо алууга арзыды.

Буга чейин Караколдук дзюдоисттер ушул айдын орто ченинде Жалал-Абадда өткөн Республикалык 7-спартакиадага катышып, 7 категориядагы мелдеште республиканын спортсмендерине бир дагы жемек жедиришпей, 4 категория боюнча биринчи орунду жана 3 категория боюнча 2-орунду жеңип алышкан. Муну менен Кыргыз Республикасынын дзюдо оюну боюнча мастерлигинин нормативдерин Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти Эльмира Акишева, Караколдогу №4 гимназия-мектебинин окуучусу Аймончок Рысбекова, №2 мектеп-гимназиясынын окуучусу Валерия Лыкова жана Кундузай Жайчибековалар толтура алышкан. Экинчи орунга болсо №1 мектеп-гимназиясынын окуучусу Күмүшай Саскеева, №2 мектеп-гимназиясынын окуучулары Рахат Айткулиева менен Асель Мусабековалар татыктуу болушкан.

Белгилей кетсек акыркы 15 жыл ичинде Каракол шаарынан эле спорттун дзюдо түрү боюнча Кыргыз Республикасынын 70 спортунун мастерлери, ал эми 12 спортсмен болсо эл аралык класстагы спорттун мастерлери болуп чыгышкан. Алардын арасында Дүйнөнүн, Азия жана Олимпиада оюндарынын катышуучулары Эльвира Көкөева, Зухра Абдрахманова, Тахмина Назармухамедова, Елена Исакова, Лариса Проскуракова, Динара Кахарова, Салтанат Ахмеджанова, Бекбосун кызы Асель, Сергей Субучевский жана Курман Аматовдор бар. Буларды тарбиялап чыгарууда спорттун дзюдо жана самбо түрү боюнча Эл аралык класстагы мастери, дүйнө чемпиону Елена Проскуракова, спорттун самбо жана дзюдо түрү боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучусу Сабыр Аматовдун эмгектери зор. Баса, жакынкы күндөрү Караколдук дзюдоисттер Абу-Даби шаарында өтүүчү Дүйнө чемпионатына сапар алышмакчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу