Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/10 12:04
 

Австралияда боло турган оюнда кыргызстандык футболчуларды 100гө чукул мекендеш сүрөйт

21-октябрь. Австралиялыктар менен беттешүүчү оюнда кыргызстандык футболчуларды 100гө чукул мекендеш сүрөй турганын Sputnik агенттигине аталган өлкөдө жашаган Наргиза Хакимова билдирди.

Кыргызстандык Наргиза Хакимова Канберрада өтө турган оюнга чогуу баруу үчүн күйөрмандардын уюмун түзүүнү демилгелеп келет.

Кыргызстандын курама командасы австралиялык атаандаштар менен 21-ноябрда 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында кездешет.

Кыргызстандык күйөрмандар үчүн Канберранын борбордук стадионунун 79-секторунда орундар бөлүнгөн. Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясы үчүн 30 орун каралган. Стадионго 25 миң 11 көрөрман батат.

Хакимованын айтымында, эгер кассаларда билет калса, ал Австралияда жашаган россиялык тааныштарын кыргызстандык команданы колдоп берүү үчүн чакырат.

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатса, Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Булак: Спутник


 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу