Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/10 16:42
 

ОшМУнун студенти дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду

ОшМУнун студенти дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду

Ош, 19-октябрь /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин Педагогика жана дене тарбия факультетинин 5-курсунун студенти Кадыр Келсинбеков Польшада өткөн Кыргызстан, Азербайжан, Белоруссия, Бразилия, Эстония, Грузия, Индия, Иран, Италия, Израиль, Латвия, Литва, Молдавия, Монголия, Нидерланды, Польша, Россия, Сербия, Словакия, Түркмөнстан, Украина, Уругвай, Өзбекстан, Зимбабве өлкөлөрүнөн 90 балбан катышкан алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 100 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиондугун утуп, алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

ОшМУнун жамааты мындай ийгилик менен кайтып келген Кадыр Келсинбековду жеңиши менен жылуу куттуктады жана колдоо иретинде быйылкы окуу жылындагы келишимдик акыдан бошотуу боюнча чечим кабыл алынгандыгын белгиледи. Ал эми ОшМУдагы алыш күрөшү боюнча федерациянын машыктыруучусу Абдыманап Исраиловго ыраазычылык айтылып, министрликтин сыйлыгына көрсөтүлөөрү маалым болду.

Белгилей кетсек, Келсинбеков Кадыр Россия Федерациясынын Казань шаарында 2 жыл мурун өткөн XXVII дүйнөлүк жайкы универсиадада күрөштүн классикалык стили боюнча 100 килограммдык салмакта катышып, коло медалга ээ болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу