Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/10 12:19
 

Дүйнө биринчилиги-2018: Кыргызстан курамасы “В” тайпасында 3-орунду ээледи

Дүйнө биринчилиги-2018: Кыргызстан курамасы “В” тайпасында 3-орунду ээледи

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама тобу “Азия” аймагында Дүйнө биринчилиги-2018дин тандоо раундунун алкагында Бангладештин курама тобун жеңип, 8 упай топтоп, “В” тайпасында 3-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, “В” тайпасынын параллель оюнунда Бангладеш өзүнүн талаасында Тажикстанды 3:0 эсебинде жеңген болчу.

Ошентип, 6-турдан кийин “В” тайпасында Иордания (13 упай) лидерлик кылууда, андан кийин Австралия (9 упай), Тажикстан (2 упай) жана Бангладеш (1 упай).

Ушул тайпанын 7-туру 12-ноябрда өтөт. Анда Кыргызстан Австралия курамасы менен, ал эми Тажикстан Бангладеш курама командасы менен беттешет.

Дүйнө биринчилигинин финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу