Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/10 11:07
 

Бангладештин машыктыруучусу Фабио Лопез: “Кыргызстандын курама командасы күчтүү экен”

Бангладештин машыктыруучусу Фабио Лопез: “Кыргызстандын курама командасы күчтүү экен”

Бишкек, 14-октябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Кыргызстандын курама командасы күчтүү экен. Бул тууралуу Бангладештин машыктыруучусу Фабио Лопез футбол аяктагандан кийинки журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди.

“Менин оюнчуларыма эч кандай дооматым жок. Алар тактикалык жактан жакшы ойношту. Оюнда өздөрүн көрсөтө алышты. Мен курама команданы үч жумадан бери гана башкарып келе жатам. Биринчи беттешке салыштырмалуу биздин команда мыкты ойноду деп айта алам. Ал эми Кыргызстандын курама командасынын киргизген голдору капысынан эле кирип кетип жатты. Негизинен эки команда бирдей деңгээлде ойноду"-деди Лопез.

“Ал эми, Кыргызстан курама командасы мыкты оюн көрсөттү. Команда абдан күчтүү экен. Арасында мыкты оюнчулар бар экен”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу