Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
14/10 10:44
 

Башкы машыктыруучу А.Крестинин: “Биздин команда чыныгы оюнду көрсөттү”

Башкы машыктыруучу  А.Крестинин: “Биздин команда чыныгы оюнду көрсөттү”

Бишкек, 14-октябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Биздин команда чыныгы оюнду көрсөтө алды. Жалпы оюндун жүрүшүнө жана жыйынтыгына канааттандым. Бул тууралуу Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттеш аяктагандан кийинки журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди.

“Биринчи кезекте бардыгын бүгүнкү жеңиш менен куттуктайм. Бул жеңиш бизге керек болчу. Албетте, бардык уюштуруучуларга ыраазычылык бидирип кетким келет. Ошондой эле, убактысын бөлүп, бизди колдоп келген күйөрмандарга абдан ыраазыбыз. Алар тынымсыз биздин оюнчуларды колдоп, дем күч берип турушту. Биз алардын колдоосуна муктажбыз”,-деп айтты А.Крестинин.

“Ал эми, оюн тууралуу айтсам мен оюндун жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына канааттандым. Биздин балдар чыныгы оюнду көрсөтүштү. Одоно каталар кеткен жок. Оюндун жүрүшү бирдей болду деп айтканга мүмкүн эмес. Биздин балдарды Бангладештин оюнчуларына салыштырып болбойт. Оюн бирдей болду, Кыргызстандын курама командасы эки голду капысынан киргизип кетти деп айтуунун өзү күлкүнү келтирет. Биз аларды өз жеринде деле утуп келгенбиз",-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, кечээ Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан Бангладеш командаларынын беттешүүсү болду. Жыйынтыгында Кыргызстан 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өттү. Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Бангладеш футболчулары үч жолу беттешип, үч жолу тең кыргызстандыктар уткан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу