Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/10 10:18
 

Премьер-министр Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын жеңиши менен куттуктады

Премьер-министр  Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын жеңиши менен куттуктады

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Премьер-министр Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана Өкмөт аппаратынын кызматкерлери 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу этабынын алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Бангладештин футбол боюнча курама командасынын оюнун көрүп, улуттук курамага күйөрмандык кылды.

Өкмөт башчысы оюндан соң футболчуларды жеңиши менен куттуктап, татыктуу оюн көрсөткөнүн белгиледи.

“Бүгүн силер татыктуу оюн көрсөттүңөр. Баарыңыздарды жеңиш менен куттуктайм. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү спортту, анын ичинде футболду өнүктүрүүгө аракетин жумшап, колдоону улантат”-деди Премьер-министр.

Ошондой эле ал Кыргызстандын курама командасын бүгүнкү жеңиши менен куттуктап, 200 миң cом бөлүп берүүнү убада кылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу