Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/10 16:11
 

Кыргызстан-Бангладеш футболдук беттешүү учурунда транспорттун жүрүшүнө чектөөлөр киргизилет

Кыргызстан-Бангладеш футболдук беттешүү учурунда транспорттун жүрүшүнө чектөөлөр киргизилет

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. 13-октябрда Бишкек шаарында Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо спорттук иш-чара өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн 4 миңге жакын милиция кызматкерлери кызмат өтөйт. Бул тууралуу шаардын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздукту сактоо жана оюнду талаптагыдай уюштуруу максатында Бишкектин төмөнкү борбордук көчөлөрүндө транспорттун жүрүшү чектелет:
-Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
-Фрунзе көчөсү Н.Исанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат.

Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыкка туура түшүнүп, айдоочуларды жолдо сак болууга жана унааларды тиешелүү жайларга токтотууга чакырат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу