Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
09/10 15:27
 

Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Урал элдеринин спартакиадасында кыргызстандыктар 1-орунду ээледи

Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Урал элдеринин спартакиадасында кыргызстандыктар 1-орунду ээледи

Бишкек, 9-октябрь /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Урал элдеринин IV спартакиадасында кыргызстандыктар 1-орунду ээледи. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча 6-октябрда “Верх-Исетск” спорттук борборунда Урал элдеринин спартакиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы болду.
Аталган спорттук иш-чарага Свердлов облусунун аймагында жашаган бардык улуттук диаспоралардын өкүлдөрү катышты. Спартакиаданын уюштуруучулары белгилегендей – бул бирдиктүү спорттук сабак жана мелдеш Орто Уралда жашаган түрдүү улуттардын достугун бекемдейт.
Спартакиада кичи-футбол, волейбол, теннис, нарда, дзюдо күрөшү, армрестлинг боюнча өттү.

Ири диаспоралардын ичинен “Кыргызстан – Урал” Свердлов облустук коомдук уюму (СОКБ) бардык иш-чараларга активдүү катышты.
Оюндун бардык түрү боюнча “Кыргызстан–Урал” тобу жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алды. Кичи-футбол боюнча 1-орунду, волейбол боюнча 1-орунду, нарда боюнча мелдеште 2-орунду ээледи.

“Биздин балдар армрестлинг, күрөш, теннис боюнча дагы мелдештерге катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Жыйынтыгында “Кыргызстан–Урал” тобу жалпы топтук зачетто 1-орунду ээледи”,-деп белгиледи СОКБнын төрагасы Каримов Камчыбек.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу