Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/10 12:49
 

Футбол федерациясынын вице-президенти: “Австралия менен болгон оюнда кеткен каталардан улам бизге айып салынды”

Бишкек, 7-октябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев билдирди.
Анын айтымында Кыргызстандын футбол федерациясы 28 миң доллар айыпка жыгылган.

“Стадионго кирген элдин саны чектен ашкандыгы. Трибунада күйүүчү заттын байкалгандыгы. Ошондой эле, күйөрмандын майданга чуркап чыккандыгы тууралуу катталган 3 факт боюнча ФИФА кыргыз футболчуларынын Австралия менен беттешинде чара көрдү. ФИФА бул жолу бизге катуу эскертүү берди. Эгер мындай көрүнүш дагы кайталана турган болсо, командага автоматтык түрдө жеңилүү жазылат же болбосо команда күйөрмандар жок ойногонго мажбур болот”-деп айтты ал.

Эскерте кетсек, 8-октябрда дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда, кыргыз футболчулары Тажикстандын командасы менен беттешмекчи. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:30да башталат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу