Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/10 12:44
 

Тажикстан футбол машыктыруучусу М.Эргашев: “Кыргыз футболчуларынын арасында лидер жок, бирок команда бар»

Бишкек, 7-октябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Менин оюмча кыргыз футболчулары менен оюн кызыктуу өтөт. Бул тууралуу Тажикстандын башкы машыктыруучусу Мубин Эргашев журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди.

Жалпыга маалым болгондой 8-октябрда дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында кыргыз футболчулары Тажикстандын курама командасы менен беттешет.

“Кыргыз футболчулары мелдешти жеңиш менен баштады. Менин оюмча кыргыз футболчуларынын арасында лидер жок, бирок команда бар. Бул команданын жыйынтык көрсөтүүсүн шарттайт. Менин оюмча кыргыз футболчулары менен оюн кызыктуу өтөт. Майдандагы оюн баарын көрсөтөт. Бизге Бишкекте өз оюнубузду көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат”,-деди машыктыруучу М.Эргашев.

Ошондой эле, ал өз өлкөсүндө Бангладеш курамасы менен тең ойногондугун айтты.

Эскерте кетсек, 8-октябрда дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда, кыргыз футболчулары Тажикстандын командасы менен беттешмекчи. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:30да башталат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу