Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/10 17:06
 

Нарындык 180 спортчу Жалал-Абадда өтө турган спартакиадага катышат

Нарын, 6-октябрь /Күмөндөр Усупов-Кабар/. 6-октябрь күнү Нарын шаарынын борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтынан КРнын жайкы VII спартакиадасына катышууга жолдомо алган спортсмендер тобуна Ак Бата берилип узатылды. Узатуу аземге өкүлдүн орун басары Чынара Абдырайымакунова, Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев катышышты.

-Жалал-Абад облусунда болуучу спартакиадага бизден жалпысы 180 адам бара жатабыз. Спортсмендерибиз спорттун 13 түрүнөн күч сынашат. Ал эми мурун Нарын облусунан мынчалык санда курама топ бара элек экен. Барып келүү, жатакана жана тамак-аш маселелери толугу менен мамлекеттик агенттик тарабынан чечилип берилди,-деп билдирди облустук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Осмоналиев.

Бул спартакиада Жалал-Абадда 7-15-октябрь күндөрүндө өткөрүлмөкчү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу