Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/10 12:39
 

Футбол федерациясынын вице-президенти: “Беттеш күнү билеттер сатылбайт”

Бишкек, 6-октябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

“Бул беттешке карата жалпысынан 18 миӊ билет даярдалган. Анын ичинен 14 миӊге жакыны сатыкка чыкты. Азыркы тапта стадиондун кассасында сатылып жатат. Билеттерди бир гана кассадан сатып алууга болот, башка жерде сатылбайт. Бул жолу Австралияга каршы беттештегидей билеттерди оюн күнү кымбат баада эч ким сата албайт. Анткени, бир кишиге 5 билеттен ашык бирилбейт”,-деди .

“Ал эми, билеттер орундарына жараша 150 сомдон 700 сомго чейинки баада сатылууда. 7-октябрь күнү түштөн кийин сатыктагы билеттер калбай калышы мүмкүн. Беттеш күнү мурдагыдай ызы-чууну болтурбоо үчүн 8-октябрда билеттер сатылбайт",-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 8-октябрда дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда, кыргыз футболчулары Тажикстандын командасы менен беттешмекчи. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:30да башталат.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу