Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/10 09:38
 

Сузакта камыш баскан саздак жерге жаштар стадиону курулууда

Сузакта камыш баскан саздак жерге жаштар стадиону курулууда

Жалал-Абад, 4-октябрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги саз болуп жаткан 2 гектар жер аянтынын 1 гектарын футболдук аянчага айлантуу демилгесин Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги колго алды. Бул тууралуу облустук башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, аталган жайды тегиздеп тазалоо иштери өздүк курамдан 150 адам жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте кызуу жүрүп жаткан учуру. Бул жышаанды айыл өкмөтү да колдоо иретинде 200 миң сом акча каражатын бөлүп берди. Азыркы учурда саз жайды таштандылардан арылтып, тегиздеп жана кызыл топурак төгүү иштери жүрүп жатат.
Узундугу – 90 метр, туурасы - 60 метр болгон футболдук аянчага көрүүчүлөр үчүн ыңгайлаштырып үстү тосулган олтургучтар да курулат.
«Бул жер жергиликтүү, суу боюндагы ыплас, каралбай калган ээн жаткан жайлардан болгон экен, эми менимче бул жер улуттар аралык ынтымактын, достуктун, сергек жашоонун борборуна айланышына өбөлгө түзөт жана жакшы саамалык» - деп белгиледи дин аалымы Чубак ажы Жалилов.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу