Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/10 10:59
 

Кыргызстандык Отар Бестаев Ташкентте дзюдо боюнча Гран-при баскычында коло медалдын ээси болду

Ташкент, 2-октябрь /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Кыргызстандык Отар Бестаев Ташкентте дзюдо боюнча Гран-при баскычынын коло медалынын ээси болду.

Мелдештин биринчи күнүндө 60 кгга чейинки салмакта 3-орун үчүн жекеме-жеке күрөштө О.Бестаев кореялык Жай Йонгду жеңип, коло медалга ээ болду.

Мелдешти ачуу салтанаты кечээ “Өзбекстан” спорттук комплексинде болду. Ага кураманын машыктыруучусу Абдыразак Шаршеновдун жетекчилигинин астында Кыргызстандын 6 спортчусу катышып жатат, алар О.Бестаев (60 кг га чейин), Бектур Рысмамбетов (66кг га чейин) Владимир Золоев (81 кг чейин), Чынгыз Мамедов жана Болот Токтогоновдор (100 кг чейин). Юрий Краковецский (100 кг ашыктар).

Гран-при мелдешинде байгелүү орундар жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарында өтүүчү XXXI олимпиада оюндарына лицензия берүүчү жолдомо үчүн дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн 355 күчтүү спортчулар ат салышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу