Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/09 16:57
 

Жалал-Абадда улуттук 7-спартакиада оюндары 8-14-октябрда өткөрүлөт

Жалал-Абад, 29-сентябрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында улуттук 7-спартакиада 8-14-октябрь күндөрү өткөрүлөт. Улуттук спартакиаданы өткөрүү үчүн өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов баштаган облустук штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти

Алынган маалыматка караганда, улуттук 7-спартакиада 8-октябрда Кочкор-Ата шаарында ачылып, ага республика боюнча 1915 спортчу катышып, спорттун 13 түрү боюнча күч сынашышат.

Улуттук 7-спартакиаданын оюндары облустун бир нече шаарларында өткөрүлмөкчү. Алар спорттун ар түрү боюнча Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарлары менен Токтогул шаарчасындагы стадиондордо болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу