Спорт

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/09 12:28
 

Кыргызстандын таэквондо WTF боюнча курамасы Бразилия Олимпиадасына лицензия алуу укугуна ээ болду

Кыргызстандын таэквондо WTF боюнча курамасы Бразилия Олимпиадасына лицензия алуу  укугуна ээ болду

Бишкек, 22-сентябрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. Кыргызстандын күрөштүн таэквондо WTF боюнча курама командасы үстүбүздөгү жылы июль айында Түштүк Кореянын Куанжу шаарында өткөн эл аралык мелдешке катышып бир топ ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында таэквондо WTF боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, эл аралык категориядагы калыс, V дандагы кара курдун ээси Валерий Тен айтты.

“Быйыл жайында Түштүк Кореянын Куанжу жана башка шаарларында өткөн мелдештерде кыргызстандык жаш спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту. Белгилей кетүүчү жагдай, бул мелдештер Бразилиянын Рио де Жанейро шаарында өтө турган XXXI Олимпиада оюндарына катышуу үчүн лицензия алуу укугуна ээ болуучу мелдештер болуп саналат.

Бирок, 158 өлкөнүн 1400 спортчусу катышкан мелдеште айрым спортчуларыбыз ийгилик жарата алышкан жок. Анткен менен И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин студенти Акбар Айтахунов бутандык атаандашын 31:1 эсебинде жеңип, экинчи мелдеште тайланддык атаандашына 2 упай алдырып жиберди. Универсиаданын жыйынтыгында ал 9-орунду ээледи. Мындан тышкары аталган мелдеште КРнын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын студенти Алмазбек Батырбеков байгелүү орундарды камсыз кылды”,- деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу