Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/08 13:51
 

Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин арасында “Самбо” күрөшү боюнча мелдеш өттү

Жалал-Абад, 31-август /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №3 Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резерв спорт мектебинде 29-август күнү Жалал-Абад ОИИБнын кызматкерлери арасында “Самбо” күрөшү боюнча биринчилиги болуп өттү.

Аталган мелдеш милициянын полковниги Байгазы Ниязалиевдин жаркын элесине арналып өткорүлдү. Мелдештин ачылышында Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков, КР Ички иштер министиринин финансы-чарба башкы башкармалыгынын башчысы Рахат Жапаров жана маркумдун уулу сөз сүйлөп, спортсмендерге ийгиликтерди каалашты.

“Спорттун “Самбо” түрүнүн ыкмалары – кылмышкерлерди кармоодо милиция кызматкерлерине жакшы жардам берет. Ошол себептен, милиция кызматкерлери “Самбо” күрөшү менен машыгып, өздөрүн ар дайым формада алып жүрүүсү керек”, - деди Ж.Жоробеков.

Аталган мелдешке район-шаардык милиция бөлүмчөлөрүнөн келген 105 спортчу катышып, 7 салмак боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында, мыкты деп табылган спортчулар баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу