Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/08 16:11
 

Валентина жана Антонина Шевченколор Бангкокто муайтай боюнча дүйнө кубогунда “алтын” жана “күмүш” медалдарга ээ болушту

Бишкек, 26-август /Кабар/. Кыргызстандык Валентина жана Антонина Шевченколор Таиланддын борбор шаары Бангкокто өткөн муайтай боюнча дүйнө кубогунда “алтын” жана “күмүш” медалдарды жеңишти. Бул тууралуу КРнын тай боксу федерациясы билдирди.

Белгиленгендей, Валентина Марокко, Израиль, Бельгия жана Беларусь өлкөлөрүнүн спортчуларын жеңип 4 мушташ өткөрүп, 60 кг чейинки салмактык категорияда биринчи болду.

Антонина 63,5 кг салмактык категорияда Марокко жана Россиялык спортчулардын үстүнөн жеңишке жетти. Бирок, ал бутунан алган жаратынан улам финалдык беттеште австралиялык спортчуга каршы чыга албай, “күмүш” медалдын ээси болду. Белгиленгендей, Антонина буга чейин австралиялык атаандашы менен өткөн жылы Малайзияда өткөн дүйнө биринчилигинин финалында беттешип, анда калыстардын бирдиктүү чечими менен утушка ээ болгон.

“Азыр эже-сиңди өздөрүнүн машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге, Бангкоктон Пхукет аралына келишип, кыска мөөнөттүк эс алуудан кийин сентябрдын аягында Кытайда өтүүчү К-1 боюнча мушташка даярдык көрүшөт”,-деп билдирди федерациядан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу