Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/08 14:45
 

Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында футбол сүйүүчүлөрүнүн республикалык мелдеши болуп өттү

Каракол, 26-август /Кубан Мамбетов-Кабар/. Ысык-Көл областы боюнча футбол федерациясынын төрагасы Алмаз Усуповдун айтымында ага өлкө аймагынан 12 жаш курактагы 162 футболчулар катышып, оюн 2 күн боюу Тамга айылдык спорт комплексинде өттү.

Ал эми жаш футболчулар болсо буга чейин райондордо жана областтык борборлордо тандалма турларда ойношуп, андан соң гана республика аралык мелдешке аттанышкан. 9 командадан турган оюнчулар 3 тайпага бөлүнүп алышып, алгач бири-бири менен беттешип, акырында жеңүүчүлөр арасында 18 жолку таймаш өттү.

Жыйынтыгында Чүй областынын жаш футболчулары биринчи, Бишкек командасы экинчи жана ысык-көлдүктөр үчүнчү орунду ээлешип, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу