Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/08 11:43
 

Караколдук Марат менен Акжолтой Раматовдор дүйнө кубогун жеңип алышты

Каракол, 25-август /Кубан Мамбетов-Кабар/. Ата-бала Раматовдор буга чейин бир катар Эл аралык таймаштарда оор салмак көтөрүү боюнча Кыргызстандын желегин желбиретишип, өлкө үчүн пайдалуу упайларды алып келишкен.

Буга чейин алар Азиянын 2 жолку чемпиондугун жеңип алышса, эми 18 мамлекеттин балбандары катышкан таймашта Акжолтой Раматов дүйнөнүн эл аралык чеберинин титулуна ээ болуп, алтын медаль алууга татыктуу болду. Ал азыр 19 гана жашта. Анын алдыдагы максаты чоңдор арасындагы Эл аралык таймаштарга катышып, өз күчүн сынап көрүүдө турат.

Акжолтойдун атасы Марат Раматовдун айтымында бир гана көйгөй - ата-баланын Эл аралык мелдештерге катышуусун эч ким каржылабай келет. Алар мелдештерге көбүнесе өз каражаттары менен барышып, жеңишке жетүүгө аракет жасап келишет. Болбосо шаар бюджети ар жылы спорттук мелдештерди өткөрүүгө жана спортсмендерди сыйлоого 1,5 миллион сом карайт. Бул каражат бир караган адамга аздай көрүнөт. Бирок, алардын дагы кандай максаттарга бөлүнүп жатканы азырынча белгисиз бойдон калууда.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу