Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/08 16:52
 

Кыргызстандыктар Москвада өткөн грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигинде “коло” медалга ээ болушту

Кыргызстандыктар Москвада өткөн грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигинде “коло” медалга ээ болушту

Бишкек, 24-август /Кабар/. 2015-жылы 22-23-августта Москвада грэпплинг боюнча дүйнө биринчилиги болуп, анда кыргызстандык спортчулар 1998-жылы туулган Абдималик Абдирашитов жана 1997-жылы туулган Жунус уулу Низамбек коло медалга жетишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине

Панкратион жана грэпплинг федерациясынын президенти Нурлан Мурадилов билдирди.
Анын айтымында, мелдешке дүйнөдөгү күчтүү спортчулар катышты. Мелдештин жүрүшүндө Кыргызстандын өкүлдөрү туруктуулукту жана жеңишке болгон эркти көрсөтө алышты.“Кармашуулардын жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар жарым финалга чыгышып, анда өзүнүн салмактык категориясында тажрыйбалуу, беделдүү спортчулардан жеңилишти”-деди Н.Мурадилов.

Панкратион жана грэпплинг федерациясынын вице-президенти, Россия Федерациясынын өкүлү Марсель Салахунов кыргыз спортчулары жаш экенине карабай спорттун ушул түрү боюнча дүйнө лидери болуу үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи. “Тилекке каршы, балдарда тажрыйба аз. Кыргызстанда спорттун ушул түрүн өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү керек. Биздин федерация федерациянын президенти Нурлан Мурадиловдун жетекчилигинин астында бул милдетти алдыга коет”,-деди ал.

“Биз спортчуларыбызды спорттун ушул түрү боюнча алдыңкы позицияга көтөрүүгө даярбыз. Азыркы учурда бул үчүн техникалык дагы, материалдык дагы шарттар түзүлүп жатат”,-деди М.Салахунов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу