Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/08 11:51
 

Бүгүн Таласта милиция кызматкерлеринин ортосунда кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат

Талас, 20-август /Мухамеджан Суранчиев-Кабар/. Бүгүн Таласта милиция кызматкерлеринин ортосунда кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат. Милициянын генерал-майору Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлиги жана Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, ал Талас шаарынын борбордук стадионунда кечээ башталган.

Бул жакшынакай спорттук иш-чаранын башталышы менен Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаров, КР ички иштер министрлигинин кесиптик дене-тарбия боюнча даярдык башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев куттукташып, республиканын 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан келишкен 12 команданын 120 дай катышуучуларына бул таймашта ийгилик каалашты. Балбандар арасында 2 күнгө созулган күрөш катуу жүрүп, бүгүн алардын жеңүүчүлөрү аныкталмакчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу