Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/08 13:27
 

29-августта Евразиялык биримдиктин кубогуна кесиптик панкратион боюнча эл аралык турнир болот

Бишкек, 19-август /РахатСаламатова-Кабар/. 2015-жылдын 29-августунда Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Евразиялык биримдиктин кубогуна кесиптик панкратион боюнча эл аралык турнир болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында панкратион жана салттуу эмес күрөштүн түрү боюнча федерациянын вице-президенти Эдиль Касенов билдирди.

Анын айтымында, аталган турнир Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр арасында 1-жолу уюштурулууда.

“Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толугу менен киргендиктен, эл аралык биримдикти мындан ары чыңдоо үчүн бул сыяктуу спорттук иш-чараларды уюштуруп жатабыз. Мелдешке Казакстан, Армения, Белоруссия өлкөлөрүнөн спортчулар келишет. Жалпысынан 14 күрөш болот. Билет баасы 200 сомдон жогору сатылышына жол бербейбиз. ИИМдин кызматкерлери бул турнирдин тынч өткөрүлүшүнө көмөктөшөт”,-дейтЭдиль Касенов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу